ЭЛАРАЛЫК УКУК – мамлекеттердин макулдашылган эрктерин билдирүүчү жана алардын, эларалык уюмдардын жана кээбир башка Э. у. субъектеринин өзара мамилелерин жөнгө салуучу келишимдик жана демейки ченемдердин жана принциптердин тутуму. Э. у. ченемдердин өзгөчө тутуму катары кайсы бир улуттук укук тармагына кирбейт жана өз ичине улуттук укук ченемдерин камтыбайт. Ошентсе да, 1920-жылдан тартып, бир катар мамлекеттер Э. у-тун жалпы таанылган ченемдери өздөрүнүн аймактарында түздөнтүз колдонулаарын, андай ченемдердин улуттук мыйзамдардан артыкчылыктуулугун жарыялашкан. Айрым өлкөлөрдө Э. у. ченемдери улуттук укук тутумуна тикелей эмес киргизилген. Эларалык келишимдер жана эларалык укук салттары – Э. у-тун булактары. Эларалык уюмдардын актылары, эларалык сот жана арбитраж органдарынын чечимдери, эларалык укук доктринасы жардамчы булактар болуп саналат. Эларалык укуктук жөнгө салуу чөйрөсү дипломаттык, аскердик, гуманитардык, экологиялык, социалдык, экономикалык, маданий, илимий-изилдөө, полициялык маселелерди өз ичине камтыйт жана андан ары кеңейүү тенденциясына ээ. Ушуга байланыштуу Э. у. улуттук укук тутуму сыяктуу эле: эларалык деңиз укугу , эларалык гуманитардык укук ж. б. тармактарга бөлүнөт. Өздүк Э. у-тан (эларалык жалпы элдик укук деп да аталган) эларалык жеке укукту – негизинде улуттук мыйзамдар жаткан таптакыр башка тутумду айырмалоо керек.
ЭЛАРАЛЫК УКУК БУЗУУ – эларалык укук субъектисинин эларалык келишимдерди же башка субъектке, субъекттердин тобуна же бүтүндөй эларалык коомчулукка материалдык же болбосо материалдык эмес зыян келтирүүчү кадимки ченемдерди бузууга айыптуу жосуну (аракети же аракетсиздиги). Э. у. б-нун субъекттери, демек жоопкерлери мамлекет, эларалык уюмдар, жеке адамдар болушу мүмкүн. Э. у. б. эларалык кылмыштарга жана деликттерге бөлүнөт. Кылмышка жатпаган эларалык укуктарга каршы кандай гана жосундар болбосун деликт болуп саналат.
ЭЛАРАЛЫК УКУК КОМИССИЯСЫ – БУУнун Башкы Ассамблеясынын 174 (II) резолюциясы менен түзүлгөн анын жардамчы органы. «Эларалык укук тармагында татыктуу кадыр-баркка ээ болгон» 34 эларалык юристтен турат. Э. у. к-нын мүчөлөрү Башкы Ассамблея тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат жана өз аттарынын чыгышат. Э. у. к-нын милдеттерине эларалык укуктун жана анын кодификациясынын прогрессивдүү өнүгүүсүн арттыруу кирет.
ЭЛАРАЛЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИ – эларалык укуктун ченемдери менен жөнгө салынган мамилелер. Субъективдүү укуктардын жана милдеттердин алып жүрүүчүлөрү: мамлекет, өздөрүнүн өзалдынчалыктары үчүн күрөш жүргүзүп жатышкан элдер же улуттар, эларалык уюмдар.
ЭЛАРАЛЫК УКУК СУБЪЕКТИСИ – эларалык мамилелердин катышуучусу; ал эларалык укуктар менен милдеттенмелерге ээ жана аларды эларалык укуктардын чегинде жана анын негизинде жүзөгө ашырат. Мамлекеттер, ошондой эле көзкарандысыздыгы жана өз мамлекетин куруу үчүн күрөшүп жаткан элдер менен улуттар негизги (баштапкы) Э. у. с. болуп саналат, ал эми кийинкилери – эларалык уюмдар (анткени, алардын эларалык укук субъектүүлүгү катышуучу-мамлекеттердин эларалык укук субъектүүлүгүнөн улам келип чыккан. Мамлекет сымал түзүлүштөр эларалык укук субъектүүлүгүнүн айрым белгилерине ээ болот. Ал эми жеке жактардын Э. у. с. жөнүндөгү маселелер азыркыга чейин талаш-тартыш туудуруп келет.
ЭЛАРАЛЫК УКУКТУН АРТЫКЧЫЛЫК БЕРҮҮ ЖАНА ТҮЗ АРАКЕТ ПРИНЦИБИ – биркатар мамлекеттердин конституциялык укугундагы жалпы кабыл алынып келген эларалык укуктар улуттук укук тутумунун курамы кире тургандыгын билдире турган принцип. КР Конституциясы: «КР катышуучусу болуп саналып, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдер менен макулдашуулар, ошондой эле жалпы кабыл алынган принциптер менен эларалык укук ченемдери КР мыйзамдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат» – деп белгилейт.
Приоритета и прямого действия международного права принцип
ЭЛАРАЛЫК УКУКТУН ИМПЕРАТИВДИК ЧЕНЕМИ (лат. jus cogens ) – 1969-жылкы эларалык келишимдердин укугу жөнүндөгү Вена конвенциясынын 53-статьясына ылайык, «жалпысынан кыйшайууга жол берилбеген жана мамлекеттердин эларалык шериктештиги тарабынан кабыл алына жана тааныла турган кийинки эларалык укуктун ушундай эле мүнөздөгү жалпы ченеми аркылуу гана өзгөртүлүүчү» ченем. Э. у. и. ч. кодификацияланган эмес, бирок баардык эларалык-укуктук ченемдердин башкы белгиси болуп саналган эларалык укуктун баардык негизги принциптерин алып жүрөт.
Императивная норма международного права